Жайылда каналга түшүп кеткен үч жашар кыздын сөөгү 10 күндөн кийин табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСуучул издөө иштери учурунда. Архив
Суучул издөө иштери учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-августта сууга түшүп кеткен наристени ӨКМдин куткаруучулары ошол күндөн тарта издей башташкан. Бүгүн 31 куткаруучу тартылганы айтылды.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында мындан 10 күн мурун каналга түшүп кеткен үч жашар кыздын сөөгү бүгүн табылганын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык 26-август күнү болгон. ӨКМдин куткаруучулары ошол күндөн тарта наристени издешкен.

"Кыздын сөөгү бүгүн, 5-сентябрь күнү, саат 16.45те Талды-Булак айыл аймагына караштуу Бекитай айылында сугат каналынан табылды", — деп айтылат маалыматта.

Издөө иштерине 31 куткаруучу тартылган. Алар бөбөктүн сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп бергени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0