Оштогу бөлүктөн бир аскер качып кетти. Мөөнөтү 17 күндө аяктамак

Жазылуу
Учурда Кургактагы аскерлердин командачылыгы кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Ошондой эле Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кечээ, 4-сентябрда, Кургактагы аскерлердин ефрейтору аскер бөлүктөн качып кетти. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, солдат Оштогу 36806 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан.

"4-сентябрда ефрейтор Н. Ж. өзү билип кетип калган. Ал 2019-жылы күзүндө Куралдуу күчтөрдүн катарына чакырылган, мөөнөтү ушул жылдын 21-сентябрында бүтүшү керек эле. Учурда аскерди издөө иштери жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абадда кызмат өтөп жаткан аскер өз өмүрүн кыйды

Генералдык штабдан кошумчалагандай, айрым ЖМКлардагы анын башкалар менен мамилеси келишпей калгандыгы тууралуу маалымат тастыктала элек. Окуянын себебин аныктоо үчүн Кургактагы аскерлердин командачылыгы кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат. Ошондой эле Ош гарнизонунун Аскер прокуратурасы аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0