Тажияга бара жаткан кошуналар. Казармандагы 8 адам көз жумган кырсыктын чоо-жайы

© Фото / пресс-служба МЧС КРКазармандагы жол кырсыгы
Казармандагы жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаада жалпы беш аял, эки эркек жана сегиз жаштагы бала бара жаткан. Каза болгондордун ичинен аял менен эркек бир үй-бұлөнүн мүчөсү болгон.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы жол кырсыкта каза болгон сегиз адам бир көчөнүн тургундары болгон. Алар таанышын акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышуу үчүн бара жатканын Жалал-Абад облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Эске салсак, кырсык бүгүн, 4-сентябрь күнү, саат 9:00дөр чамасында болгон. Анда Казарман айылынын Тагай тилкесинде Audi A6 үлгүсүндөгү жеңил унаа менен Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа кагышкан.

Такталган маалыматтарга караганда, автоунаада жалпы беш аял, эки эркек жана сегиз жаштагы бала бара жаткан. Каза болгондордун ичинен аял менен эркек бир үй-бүлөнүн мүчөсү экени айтылды.

"Алдын ала иликтөөлөр көрсөткөндөй, Howo экинчи даражадагы жолдо келе жатканына карабай, негизги жолго чыга калып, жеңил унаа менен бетме-бет кагышкан", — деди Сатыбалдиев.

Ошондой эле жүк ташуучу унаанын айдоочусу жаракат албаганы кошумчаланды.

Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы 7 жаштагы кыздын өмүрүн алды. Видео

Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат. Жалал-Абад облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмү айдоочуларды жол эрежелерин так сактап, жол кырсыктарынан алыс болууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0