УКМК кызматкерлери Россиядан уурдалган унаалардын тралын коштогону айтылды

© Sputnik / Игорь Онучин / Медиабанкка өтүүТралдагы унаалар. Архив
Тралдагы унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскер прокуратурасы коррупция фактысы боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Азырынча кылмышка шектелген УКМК кызматкерлери кармалганы же кармалбаганы белгисиз.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) Ош облусунун Кара-Суу району боюнча бөлүмүнүн эки кызматкери Россияда уурдалган унаалардын тралын коштоп жүргөн. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күч түзүмдөрүндөгү ишенимдүү адам билдирди.

27-августта болжол менен саат 10:00дө Баткен облусунун Кадамжай районунда Тажикстанга Россиядан уурдалган 15 унааны алып бараткан адамдар кармалган. Ишенимдүү адамдын айтымында, эки тралды УКМКнын кызматкерлери коштоп барган.

Ысык-Көлдө прокурордун жардамчысы 150 миң сом пара алып жатып кармалды

Кармоо ишин Кадамжай РИИБдин криминалдык милиция кызматы жүргүзгөн. Агенттикке маалымат берген адамдын айтымында, тралда 2019-2020-жылдары чыгарылган унаалар болгон. Алар Казакстан аркылуу Бишкекке алып келинген.

"Тралдарды төрт күн "Сосновка" өткөрүү пунктунда, андан кийин Жалал-Абаддын Сузак районунда кармап турушкан деген маалымат бар. Бирок экөөнү тең коё берип салышкан. Көпчүлүк унаалардын кыймылдаткычтарында номерлери алмаштырылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, үч автоунаа уурдалган, калгандары күрөөканаларда күрөөгө коюлган", — деп айтып берди редакция менен маектешкен адам.

Азырынча кылмышка шектелген УКМК кызматкерлери кармалганы же кармалбаганы белгисиз. Милиция 27-августта сотко чейинки өндүрүштү баштап, ишти Аскер прокуратурасына өткөрүп берген. Башкы прокуратура КРдин Кылмыш кодексинин 319-беренеси менен ("Коррупция") иликтөө жүрүп жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0