Жалда эки жигитти аёосуз сабагандар 10-11 жылга кесилди. Соттун өкүмү

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLСудьянын балкасы. Архив
Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар Кылмышка аракеттенүү жана ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Ленин райондук соту Бишкектин Жал кичи районунда адамдарды аёосуз сабаган кишилерге карата өкүм чыгарды.

Ага ылайык, кылмышкердин бири Жаныбек Бапышев 10 жылга, шериги Калысбек Сейитбеков 11 жылга эркинен ажыратылды.

Алар Кылмышка аракеттенүү жана ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү фактысы боюнча (Жазык кодексинин 39 жана 139-беренеси) күнөөлүү деп табылган.

Бишкек: автоинспектордун колун эшикке кыпчыган айдоочу 260 миң сом айыпка жыгылды

Эске салсак, 2019-жылы 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине милициянын кайгуул күзөт кызматы барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип (кийин ал шектүүнүн бир тууганы болуп чыккан), эки шектүүнү алып кеткен. Эки жабырлануучу оор абалда ооруканага жеткирилген. Кийин шектүүлөр милицияга өздөрү келген.

Ал эми милициядагы тууганы Казыбек Бапышев кызматтан бошотулган. Кийинчерээк аны УКМК кылмышты жашырууга айыптап кармаган. Башында ал тергөө абагына киргизилип, кийин баш коргоо чарасы өзгөртүлүп үй камагына чыккан. Ага карата кандай өкүм чыкканы азырына белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0