Бишкек — Ош жолунда автоунаа 60 метр бийиктиктен кулап, үч адам мүрт кетти

Жазылуу
Toyota Wish үлгүсүндөгү автоунаа Бишкек — Ош жолунун 449-чакырымына келгенде трассадан чыгып кетип, Нарын дарыясынын жээгине болжол менен 50-60 метр бийиктиктен кулап түшкөн.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында, тагыраагы, Бишкек — Ош унаа жолунда жеңил автоунаа кырсыктап, эки кыз жана 9 жаштагы бала көз жумду. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Билдирмеге ылайык, Toyota Wish үлгүсүндөгү автоунаа Бишкек — Ош жолунун 449-чакырымына келгенде трассадан чыгып кетип, болжол менен 50-60 метр бийиктиктен кулап кеткен.

"Кырсыктын кесепетинен эки кыз жана тогуз жаштагы бала каза болуп, беш эркек адам ар кандай жаракат алышкан. Учурда баарынын аты-жөндөрү такталууда", — деп айтылат маалыматта.

Асел Кадырбекованы сүзүп кеткен айдоочуну ырчынын үй-бүлөсү кечирди

Окуя болгон жерге ӨКМдин беш куткаруучусу жана ИИМдин беш кызматкери барган. Куткаруучулар каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп бергени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0