Бишкекте 19 жаштагы кызды автоунаа сүзүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсыктан жабыркаган кыз. Иллюстративдик сүрөт
Жол кырсыктан жабыркаган кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автокырсык бүгүн эртең менен саат 9:55 чамасында борбор калаадагы Максим Горький атындагы көчөдө болгон.

БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте автоунаа 19 жаштагы кызды сүзүп кеткендигин Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Горький көчөсүндө болжол менен саат 9:55 чамасында Mazda Demio үлгүсүндөгү автокөлүк кызды койдуруп алган.

Бишкекте Honda Fit даракты сүзүп, бир жүргүнчү мерт болду. Видео

Маалымат кызматынан жабыркаган кыз ооруканага жеткирилип, ал эми автоунаа айып короого токтотулганы айтылды. Окуянын себебин аныктоо үчүн тиешелүү бардык экспертизалар дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0