Бишкек — Ош жолунда автокырсык болуп, 9 жаштагы бала көз жумду

© Фото / Pixabay/ Pixel-mixerЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала берилген маалыматтар боюнча, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил автоунаа каршы тилкеге чыга калып, Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен кагышкан.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында катталган жол кырсыктан тогуз жаштагы бала каза болуп, беш киши жабыркады. Бул тууралуу Чүй милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Кырсык 27-август күнү эртең мененки саат 9:30дар чамасында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил автоунаа каршы тилкеге чыга калып, Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү кичи автобус менен кагышкан.

Эмнеге пандемияга карабай жол кырсыктары азайган жок. ЖКККББнын жообу

Анын кесепетинен кичи автобустун ичиндеги 9 жаштагы бала ошол жерден көз жумган. Мындан сырткары, жеңил автоунаанын айдоочусу жана бустун ичиндеги төрт жүргүнчү ар кандай жаракат алышканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0