Уурдалган 3 кг алтын. Бишкекте милициянын жетекчиси кармалды

Жазылуу
Жакында эле үч килограммдан ашык алтын урдады деп милициянын үч кызматкери жана эки жөнөкөй жаран кармалган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Үч килограмм алтындын уурдалышы боюнча далилдүү материалдарды жашырууга айыпталып ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БМЖККК) башкармалыгынын жетекчиси кармалды. Бул туурасында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Аталган кызмат кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында далилдерди уурдаган деген шек менен БМЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Б.А.А. аттуу жетекчиси, милициянын подколковнигин колго түшүргөн.

УКМК Бишкек менен Чүйдө ири салык төлөөчүлөрдү тескеген жетекчини кармады

Белгилей кетсек, мурдараак үч килограммдан ашык алтын урдады деп БМЖКККнын үч кызматкери жана эки жөнөкөй жаран кармалган.

Бул боюнча Кылмыш кодексинин 200 ("Уурдоо") жана 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иштери башталганы айтылган.

Азыркы учурда аталган факт боюнча УКМК Башкы тергөө башкармалыгы ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат. Кылмышка шектелген начальник убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0