Ошто 81 жаштагы карыяны сабады делген киши кармалып, милиционерге да кол салды

© Sputnik / Асатур Есаянц / Медиабанкка өтүүМилиция кызматкери. Архив
Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улгайган кишини урган кишиге буга чейин "Ээнбаштык" беренеси менен иш козголсо, эми укук коргоо органына зыян келтиргени үчүн сотко чейинки дагы бир өндүрүш иши ачылды.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунда 81 жаштагы карыяны ур-тепкиге алган киши кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кылмышка шектелген 36 жаштагы киши кечээ, 25-август күнү, саат 23:30дар чамасында колго түшүрүлгөн.

"Ош облусунун жана Кара-Суу районунун милициясы биргеликте иштешип, карыяны сабаган кишини жашаган үйүнөн табышкан. Ал кызматкерлердин талабына баш ийбей каршылык көрсөтүп, натыйжада бир милиционер жаракат алды. Териштирүү учурунда ал изин жашыруу үчүн 21-август күнү Бишкек шаарына чыгып кетип, төрт күндөн кийин Кара-Суу шаарына кайтып келгени маалым болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Шектүү укук коргоо органынын өкүлүнө зыян келтиргени үчүн Жазык кодексинин 355-беренесинин ("Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук") негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ошто сабалган 81 жаштагы карыя: милиция окуянын күбөлөрүн издеп жатат

Ал эми буга чейин 266-берене ("Ээнбаштык") боюнча кылмыш иши козголгон. Анда ал 81 жаштагы абышканы эч себепсиз уруп-сабаганы айтылып, окуянын видеосу интернетке чыгып кеткен.

Учурда шектүү Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө. Ал сүйлөй албагандыктан дудуктардын тилин билген атайын адис чакыртылып, тергөөгө көмөктөшөрү айтылды.

Ошондой эле иликтөө ишинин натыйжасында шектүү мурда үч ирет соттолгондугу белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0