Бишкекте жаш баланы сүзүп, качып кетти делген айдоочу кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековРульга тагынган кишен. Иллюстартивдик сүрөт
Рульга тагынган кишен. Иллюстартивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык мындан эки күн мурун болгон. Машина коюп кеткен бала ооруканага жеткирилгени маалым болду.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте жаш баланы автоунаасы менен сүзүп, из жашырып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады.

© Фото / пресс-служба УПСМ БишкекаМилициянын кайгуул кызматы Бишкекте жаш баланы автоунаасы менен сүзүп, из жашырып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады
Бишкекте жаш баланы сүзүп, качып кетти делген айдоочу кармалды - Sputnik Кыргызстан
Милициянын кайгуул кызматы Бишкекте жаш баланы автоунаасы менен сүзүп, из жашырып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган мекеме кабарлады

Маалыматка ылайык, окуя мындан эки күн мурун, 21-август күнү, болжол менен саат 10.30дарда болгон. Масалиев көчөсү менен күн чыгышты көздөй бараткан айдоочу Бакаев көчөсү менен кесилишкен жерде жаш баланы сүзүп, из жашырып кеткен.

81 жаштагы карыяны көчөдө ур-тепкиге алган жигит изделүүдө. Видео

Жабыркаган бала ооруканага жеткирилгени белгилүү болду.

"Ыкчам өздөөнүн натыйжасында кылмышка шектүү катары ВАЗ 21 үлгүсүндөгү автоунаанын 22 жаштагы айдоочусу кармалды", — деп айтылат маалыматта.

Факт боюнча бардык материалдар чогултулуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0