Милиция: Бишкекте жасалма бомба табылып, жеринде жок кылынды

© Sputnik / Табылды КадырбековКомандно-штабные учения "Иссык-Куль "Антитеррор-2017" в селе Бает
Командно-штабные учения Иссык-Куль Антитеррор-2017 в селе Бает - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 254-беренесинин ("Куралды мыйзамсыз даярдоо") негизинде катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Борбор калаада колго жасалган бомба табылып, жок кылынды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, 22-август күнү саат 9.30дар чамасында "102" кызматына Мурманск көчөсүндө полиэтилен баштыкта жарылуучу каражатка окшош нерсе жаткандыгы кабарланган.

"Окуя болгон жерге милиция жетекчиси жана ыкчам тергөө тобу барган. Андан соң Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери колго жасалган бомбаны ошол жерден жардырган. Ал жерден силикон бак, электр зымдар табылган", — деп билдиришти милициядан.

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Сүрөт

Аталган факты боюнча тергөө иштери улантылып, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 254-беренесинин ("Куралды мыйзамсыз даярдоо") негизинде катталып, сотко чейинки териштирүү башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0