Ош шаарында бир жылдан бери дайынсыз болгон кыз изделүүдө. Сүрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековПоиски беглых заключенных в жилмассиве "Энесай"
Поиски беглых заключенных в жилмассиве Энесай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш кыз былтыр жайында Кара-Суу районунда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Милиция аны табышууга коомчулуктан жардам сурады.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Ош шаарында былтыр жоголгон 18 жаштагы Муножат Салиева изделип жатат. Бул тууралуу калаа милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Кыз 2019-жылдын 15-июль күнү Кара-Суу районунда жашаган үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. Милиция аны табуу үчүн кайрадан коомчулукка кайрылып жатканын айтты.

"Изделип жаткан Муножат Салиева 2002-жылы туулган. Бою 165-170 сантиметр, жоголгон күнү үстүндө кара-ак (сызык) түстөгү жемпир, кара шым жана кара түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Айрымдар кыз дайынсыз болгон күнү аны Ош шаарынын Масалиев көчөсүнөн көрүшкөндүгүн айтышкан", — деп жазылган маалыматта.

Милиция Жалал-Абадда жоголгон эже-сиңдини Баткенден тапты. Кыздардын жообу

Ош шаардык милициясы жогорудагы кыз тууралуу кандайдыр бир маалыматы барларды 03222-2-75-15, 0702-17-09-17 жана 0551-05-42-75 телефондору аркылуу кабарлап коюну өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0