Бириккен Араб Эмирлигинде базарда ири өрт чыкты. Видео

© REUTERS / Twitter / @ nabeelotelli Бириккен Араб Эмирлигинин түндүк-чыгышындагы Аджман аймагындагы базарда ири өрт учурунда
Бириккен Араб Эмирлигинин түндүк-чыгышындагы Аджман аймагындагы базарда ири өрт учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, өрт 5-августта жергиликтүү убакыт менен саат 18:30да башталган. Тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчүлөр 2,5 саат күрөшкөнү айтылат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинин түндүк-чыгышындагы Аджман аймагындагы базарда ири өрт чыкты. Бул тууралуу The National жазды.

Маалыматка караганда, өрт 5-августта жергиликтүү убакыт менен саат 18:30да башталган. Тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчүлөр 2,5 саат күрөшкөнү айтылат.

​Жергиликтүү полиция жетекчисинин айтымында, базардын айрым жерлери такыр эле өрттөнүп, күлү гана калды. Бирок жабыркагандар болгон жок. Анткени акыркы төрт айдан бери карантинге жабылып турган.

Үрөй учурган жарылуу болгон жерден алынган 14 сүрөт. Бейруттагы трагедия

Учурда полиция өрттүн себебин иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0