Бетме-бет сүзүшкөн. Көлдөгү жол кырсыктын чоо-жайы

© AFP / JOE RAEDLEЖол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктаган биринчи автоунааны Теплоключенка айылынын 18 жаштагы жашоочусу, экинчисин Талды-Суунун 40 жаштагы тургуну айдап бара жаткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы жолдо эки автоунаа бетме-бет келип кагышканын аймактын Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Буга чейин интернетте жол кырсык болгон жердин видеосу жарыяланган эле. Андан бир автоунаа жолдун четинде жатканын, экинчиси жанаша тургандыгын көрүүгө болот эле.

Облустук милициядан окуянын чоо-жайын айтып беришти. Кырсык тууралуу маалымат Ак-Суу райондук милициясына саат 07:40та түшкөн. Автокөлүктөр жолдун Теплоключенка айылы тарабынан кагышкан.

Volkswagen Vento менен KIA Rio сүзүшкөн. Милициянын айтымында, биринчи автоунааны аталган айылдын 18 жаштагы жашоочусу, экинчисин Талды-Суунун 40 жаштагы тургуну айдап бара жаткан.

Автоунаа тигүү цехинин терезесине жарымына чейин кирип кеткен. Окуянын чоо-жайы

Кагышкан эки айдоочу тең жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0