71 кырсык катталган. Кайгуул милициясы велосипедчендерге 5 кеңеш берди

© Sputnik / Александр ВильфВелосипедчи. Архив
Велосипедчи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери Бишкекте велосипедчендердин катыштыгы бар 71 кырсык катталды. 69 киши жаракат алып, экөө кыз жумду.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкектин Кайгуул милиция кызматы велосипедчилерди жол кыймылынын бардык эрежелерин карманууга чакырат.

Мекемеден билдиришкендей, жайдын келиши менен велосипед тебе баштаган шаардыктар жол кырсыктарынын себеби болгон учурлар жок эмес.

"Мисалы, алар велосипеддин атайын жолу же трассанын чети менен жүрбөй, автожолго аралашып кетет. Жыйынтыгында жыл башынан бери шаарда велосипедчендердин катышуусу менен 71 кырсык катталды. 69 киши жаракат алып, экөө көз жумду", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектин чок ортосунда унаа велосипедчен адамды коюп кетти. Сүрөт

Мындан улам Кайгуул милициясы төмөнкү кеңештерди берет:

  • велосипедди бир эмес, эки кол менен башкаруу;
  • өтө зарыл болбогон учурда баланы жаныңарга албагыла;
  • ашыкча жүк алып жүрбөгүлө;
  • жөө адамдар өтүүчү чийинден өтүп бара жатканда, велосипедден түшүп баскыла;
  • кечинде атайын жарык берчү каражаттарды колдонгула.
Жаңылыктар түрмөгү
0