Айдоочу аял ичип алган. Чүйдө кырсыктагандар ооруканага жеткирилди. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсык болгон жерде жол белгиси. Архив
Жол кырсык болгон жерде жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын билдиришинче, жол кырсыгы кечээ эртең менен болгон. Бир автоунаанын айдоочусу ичимдик ичип алганы аныкталган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүйдөгү Орловка шаарында эки автоунаа кагышып, кырсыктан эки адам жабыркады. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын маалымат кызматы кабарлады.

Каргаша болгон жердеги кадрлар "Короче" деп аталган Telegram-каналга жарыяланды.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ саат 8:40тарда болуп, Toyota Prius жана Audi A4 үлгүсүндөгү автоунаалар кагылышкан.

Дөңгөлөктөр ыргып... Бишкекте үч унаанын кагышкандан кийинки видеосу

"Эки айдоочу тең ооруканага жаткырылды. Текшерүү иштеринин натыйжасында Toyota автокөлүгүн башкарып бараткан 29 жаштагы аял спирт ичимдигин ичкени аныкталды", — деп билдирди ЖКККБ.

Машиналар айып короого киргизилип, жол кырсыгынын себеби такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0