Түндө Ошто беш үй өрттөндү. Жалынды өчүрүп жаткандагы видео

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодо көрүнүп тургандай, имарат жалындап күйүп жатат. Бирок аны өчүргөнгө суу жетпей калган.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Түндө Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда беш турак үй өрттөнүп, жалпысынан 350 чарчы метр жер күйгөн. Бул тууралуу ӨКМ маалымат кызматы кабарлады.

"Өрт саат 20:38дер чамасында башталып, андан соң жалын коңшу үйлөргө жайылган. Жалпысынан тилсиз жоо 350 чарчы метр аянтты жалмаган. Кырсыктан жабыркагандар жок", — деп айтылат маалыматта.

Өрттүн видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Анда көрүнүп тургандай, имарат жалындап өрттөнүп жатат. Бирок аны өчүргөнгө суу жеткен эмес.

"Шлангдан чыккан суунун көлөмүн карагыла. Оштун өрт өчүрүү кызматы ушундай иштейт. Бул жерде төрт үй күйүп жатат. Ал эми өрт өчүрүүчүлөр суусуз турат", — деген видеого тарткан адам.

Кара-Кулжада сел жүрүп, үйлөрдү каптады. Видео

ӨКМдин маалыматына ылайык, өрттү чектөөгө алып, өчүрүүгө төрт бөлүк тартылган. Мындан сырткары, милициянын да төрт экипажы барган.

Жаңылыктар түрмөгү
0