Жети-Өгүз районунун борборундагы дүкөндөн өрт чыкты. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКрупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке
Крупный пожар на территории Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт таңга маал чыккан. Жерине барган өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону жарым сааттын ичинде чектөөгө алганы айтылат.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун борбору Кызыл-Суу айылында азык-түлүк саткан дүкөндөн өрт чыкты.

Кырсык болгон жерде тартылган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

Кадрлардан өрт өчүрүүчүлөргө жергиликтүү тургандар жардам берип жатканы көрүнүп турат.

Үстүнө опалубка түшкөн. Ак-Өргөдө өрт өчүрүүгө барган машина күйүп кетти

ӨКМдин маалымат кызматынан өрт өчүрүүчүлөр жерине саат 05:42де барганын айтышты. Жарым сааттан кийин өрт чектөөгө алынган. Бирок толугу менен өчүрүлүшү боюнча айтылган жок. Эки өрт өчүрүүчү автоунаа иштеди.

Жаңылыктар түрмөгү
0