Бишкекте акча алмаштыруу жайын тоноого шектелип "актер" кармалды. Фото

© Sputnik / Табылды КадырбековАрест подозреваемого в преступлении в КР
Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыз ээси чак түштө жүрөгү ооруган адамдын кейпин кийген бейтааныш киши 10 миң долларын карактап кеткенин айткан.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Борбор калаада акча алмаштыруу жайын карактоого шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 11-июль күнү болжол менен саат 13:00дө Октябрь райондук милициясына 53 жаштагы Р.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Ал бир аз убакыт мурда, саат 12:40 чамасында, белгисиз бирөө акча алмаштыруу жайынын кызматкерин - өзүн электрошокерди пайдаланып 10 миң долларга жакын акчасын карактап кеткенин айткан.

"Шектүү М.Б. бир нече жолу ал жерге акча алмаштырган киши сымал кирип жүргөн. Акыркысында жүрөгү ооруган адамдын кейпин кийип эшиктин алдындагы отургучта отуруп турууну суранган. Кийин кызматкер шектүүнүн көчөгө чыгуусуна жардам берген. Ошол учурда аны моюнуна электрошокер менен урган, ага кошумча, кол көтөргөн. Андан соң темир кутудагы 10 миң доллардай акчаны алып, изин жашырып кеткен", — деп билдирди милициядан.

Кыргызстанда чаламандын чак түшүндө тонолгон банк. Окуянын видеосу

Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин жана Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 27 жаштагы жашоочусун кармаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0