Бишкекте кармалган "Хизбут-Тахрирдин" мүчөсү оор кылмышка да шектелүүдө

Жазылуу
Тергөө амалдары жүрүп жаткан адам КМШ өлкөлөрүнүн биринде өзгөчө оор кылмыш жасаганга айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкекте тыюу салынган "Хизбут-Тахрир аль-Ислами" диний-экстремисттик уюмуна мүчө болгон адам кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, УКМК кызматкерлери жашыруун уюмдардын ишине бөгөт коюу иштеринин алкагында 35 жаштагы А.А. аттуу кишини колго түшүрүшкөн. Ал Бишкек шаарынын аймагында диний-экстремисттик уюмдун деструктивдүү идеологиясын жайылтууга жигердүү катышкандыгы жана анын курамына башкаларды тартуу менен алектенгени аныкталган.

Сирияда согушкан. Ошто эл аралык террордук уюмдун мүчөсү колго түштү

Ошондой эле тергөө амалдары жүрүп жаткан адам КМШ өлкөлөрүнүн биринде өзгөчө оор кылмыш жасаганга айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөнү белгилүү болгон.

Учурда кармалган адам УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0