Караколдо кырсыкка кабылган автоунаа аласалып кетти. Видео

© AFP / MARTIN BUREAUЖол кырсыкка кабылган автоунаа. Архив
Жол кырсыкка кабылган автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя шаардагы Кыдыр Аке көчөсүндө болгон. Анда Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа Mazda менен кагышкан.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Караколдо Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа башка көлүк менен кагышып, жыйынтыгында аласалып кетти.

Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram-каналына жарыяланган.

Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы жол кырсыгы Кыдыр Аке көчөсүндө болгонун тастыктады. Анда Volkswagen Vento үлгүсүндөгү автоунаа Mazda менен кагышкан. Кырсыктан эч ким каза болгон эмес. Жеринде ыкчам-тергөө тобу иштеп жатканы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0