Бишкекте таксист велосипедченди коюп кетти. Видео

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүТретий ночной велопарад в Москве
Третий ночной велопарад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык бүгүн эртең менен Жукеев-Пудовкин жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде (Түштүк магистраль) катталган. Аны окуянын күбөсү видеого тартып калган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкекте такси велосипедченди коюп кеткен кырсык катталды. Окуя тууралуу видеону "Короче" Telegram каналы жарыялады.

Кырсык бүгүн 8:00дөр чамасында Жукеев-Пудовкин жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде (Түштүк магистраль) катталган. Окуянын күбөсү тарткан видеодон жабырлануучу кишинин жерде жатканын, жанында кулап жаткан велосипедди, такси унаасын жана милиционерлерди көрүүгө болот.

Айдоочу мас болгон. Бишкекте автоунаа коюп кеткен экинчи велосипедчи да көз жумду

Тартип коргоо органдары кырсык болгонун тастыкташты. Жапа чеккен адамдын абалы тууралуу маалымат айтыла элек. Тез жардам кызматына чакырык түшкөн эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0