Лейлекте күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

© Sputnik / Эмиль СадыровСело Кулунду Лейлекского района Баткенской области
Село Кулунду Лейлекского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сейсмологдор бүгүн саат 12.39да Лейлектин айылдарында жана Сүлүктү менен Исфана шаарларында жер титирегенин билдирген.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Тажикстанда жайгашкан. Ал эми бүгүн саат 12.39да Лейлектин Алга, Жеңиш айылдарында 5 балл, Сүлүктү жана Исфана шаарларында, Катраң айылында 4 балл болуп сезилген.

Мөңгүгө кирип кеткен. Жалал-Абаддагы жайлоодо 14 жаштагы баланын сөөгү табылды

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0