Бишкекте дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен жолтандабастын айдоочусу кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековЗадержание подозреваемых в наезде на пешехода
Задержание подозреваемых в наезде на пешехода - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-июлда саат 15:45терде Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаа кафенин ичине кирип кеткен видео жарыяланган.

БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Борбор калаада дубалды сүзүп, кафеге кирип кеткен жолтандабастын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 7-июлда саат 15:45терде Веселая жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде Lexus 570 үлгүсүндөгү автоунаа кафенин ичине кирип кеткен видео жарыяланган. Айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткендиктен, Милициянын кайгуул кызматы автоунаанын айдоочусу изделип жатканын кабарлаган.

Бишкекте котлованга кулаган унаанын ичинде төрт өспүрүм болгон. Кырсыктын видеосу

"Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгы менен Кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жолтандабастын 31 жаштагы айдоочусу кармалган. Автоунаа айып короого токтотулган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0