Бишкекте котлованга кулаган унаанын ичинде төрт өспүрүм болгон. Кырсыктын видеосу

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүОоруканада жаткан бейтап. Архив
Ооруканада жаткан бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу түштүк тарапка баратып, автокөлүктүн рулун башкара албай тосмону сүзүп өтүп, жаңы курулуп жаткан кабаттуу үйлөрдүн казылган котлованына кулаган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Борбор калаада жол кырсыгына кабылган Toyota Camry жеңил автоунаасынын ичиндеги жашы жете элек төрт өспүрүмдүн абалы оор. Бул тууралуу медициналык Тез жардам станциясынан билдиришти.

Окуя катталган жердеги видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланган. 

Котлованга түшүп кетип аңтарылып калган автоунааны курулушчулар бир нече адамдар менен жалпылап түртүп жатып өйдө кылышкан. Видеодон анын талкаланып калганын көрүүгө болот.

Бишкекте таякталып көз жумган 15 жаштагы кыздын өлүмүнө атасы шектелип кармалды

Анда окуянын күбөсү автоунаа 10 метр тереңдикке кирип кеткендигин айтууда.

Бишкекте кафеге кирип кеткен жолтандабастын айдоочусу изделүүдө

Буга чейин Кайгуул милициядан аталган кырсык бүгүн саат 19.30дар чамасында Сухе-Батор көчөсүндө болгонун тастыктаган. Анда айдоочу түштүк тарапка баратып, автокөлүктүн рулун башкара албай тосмону сүзүп өтүп, жаңы курулуп жаткан кабаттуу үйлөрдүн казылган чуңкуруна кулаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0