34 жашта эле... "Манас" аэропортунун мурдагы вице-президенти көз жумду

© AFP / LOIC VENANCEСитуация в Франции из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Франции из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илим Карыпбековдун айтымында, аэропорттун мурдагы аткаруучу директору Даир Токобаев пневмонияга кабылган. Ал 34 жашта болчу.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунун мурдагы вице-президенти Даир Токобаев каза болду. Бул тууралуу анын мурдагы кесиптеши Илим Карыпбеков соцтармак аркылуу кабарлады.

Анын айтымында, Токобаев пневмонияга кабылган. Ал 34 жашта болчу.

Абалы кескин начарлап кеткен. Чыныбай Турсунбеков реанимацияда үзүлгөн

"Даир боорукер, акылдуу, өз ишин мыкты билген кесипкөй адам эле. Артында балдары калды. Ал пневмонияга кабылган. Абдан өкүнүчтүү, абдан! Жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", — деп жазган Карыпбеков.

Илим Карыпбеков өзү "Манас" эл аралык аэропортунда 2014-2015-жылдары аткаруучу директор болуп иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0