Эшикти талкалап киришкен. Бишкекте үч кыз каракчылыкка шектелип кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКармалган кыз кишен менен. Архив
Кармалган кыз кишен менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция кылмышка шектелген кыздардын бири өспүрүм курагында, улуулары 18 жана 20 жашта экенин маалымдады.

БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында каракчылыкка шектелип үч жаш кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, окуя 6-июлга караган түнү саат 03:30 чамасында болгон. Борбор калаанын "Келечек" жаңы конушунда бир үйдү тоноп кетти деп чакыруу түшкөн. Айтылган дарекке Кайгуул милициянын кызматкерлери барганда үйдө жашаган Б.В. аттуу өспүрүм кызды үч кыз карактап кеткенин айтышкан.

"Шектүү кыздар үйдүн эшигин сындырып кирип 16 жаштагы өспүрүм кызды бычак менен коркутуп, баасы 10 миң сом турган телефонун, паспортун жана косметикаларын алып кетишкен. Көп өтпөй эле инспекторлор кылмышка шектүү катары 16, 18 жана 20 жаштагы кыздарды кармады. Алар Свердлов райондук милициянын тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда чаламандын чак түшүндө тонолгон банк. Окуянын видеосу

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 202-беренесинин ("Каракчылык") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0