"Ынтымак" паркындагы өрттү кантип өчүрүштү. Видео

© AP Photo / Mick Tsikas / AAP ImagesӨрт өчүрүүчүлөр жумуш учурунда. Архив
Өрт өчүрүүчүлөр жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалынды шаардагы райондун эки бригадасы келип өчүргөн. Окуяга күбө болгондордун айтымында, кургак чөп күйүп, жаңы отургузулган бактарга зыян келген.

БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Ынтымак" паркында бир гектарга чукул куураган чөп күйгөнүн мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Тилсиз жоонун видеосу "Короче" Тelegram-каналына жарыяланган.

Окуяга күбө болгондор Масалиев көчөсүн бойлото чөп күйгөнүн айтышты.

"Өрт курулуп жаткан экинчи паркка чейин жайылды. Кургак чөп күйүп, жаңы отургузулган бактарга зыян келди", — дешкен алар.

Окуя болгон жерге ӨКМдин Октябрь райондук бөлүмүнүн эки отряды келген.

Көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

"Өрт 15:52де чектөөгө алынып, 16:13тө толугу менен өчүрүлдү. Азыр кырсыктын себеби такталып жатат", — деп айтышты мэриядан.

Муниципалитет жарандарга коомдук жайларда тилсиз жоо кооптуулугу жаралгандыгын көрсө, 101 номерине чалууну эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0