Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Видео

Жазылуу
Окуянын күбөсү өрт чыкканы тууралуу болжол менен саат 23.15те билдирди. Анын айтымында, подъезддеги щиттер күйүп жатат.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Бишкекте Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу кырсыкка күбө болгон адам кабарлады.

ӨКМ бул маалыматты тастыктап, аталган көчөдөгү №214 турак үйдүн электр калканынан өрт чыкканын билдирди. Өрттү өчүрүүгө саат 23.21де бир бөлүм жөнөп кеткен. 

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуБишкекте Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты
Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Министрлик кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0