Жалал-Абад: уулу коронавирустан каза болгон аял дагы ушул илдеттен көз жумду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүРабота ГКБ № 15 им О. М. Филатова
Работа ГКБ № 15 им О. М. Филатова  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин министрлик Бишкекте базарда соода кылган 36 жаштагы киши Жалал-Абадга тажияга барганда ооруканага түшүп, каза болгонун айткан. Эми анын апасы дагы коронавирустан көз жумду.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Кечээ, 26-июнь күнү, Жалал-Абаддын Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылында коронавируска чалдыгып көз жумган 76 жаштагы аялдын буга чейин COVID жуккан уулу да каза болгон. Маалыматты Sputnik агенттигине райондун акими Эрмекбай Омошев ырастады.

Анын билдиришинче, аял коронавирусту каза болгон 36 жаштагы баласынан жуктуруп алып, кечээ Жалал-Абад шаардык жугуштуу оорулар ооруканасында үзүлгөн. Учурда аны жерге берүүгө даярдык көрүлүп жатат. Коронавирус бул үй-бүлөнүн жалпы сегиз мүчөсүнө жуккан.

Министрлик: кайрылгандар көп, Тез жардам кызматы жетишпей жатат

Эске сала кетсек, анын 36 жаштагы уулу коронавирустан 16-июнда каза болгон. Ал ооруну Бишкек шаарындагы базарлардын биринде мөмө-жемиш сатып иштеп жүргөндө жуктуруп алган. 11-июнда Жалал-Абадга куран окутууга келгенде илдеттин белгилери байкалып, оор абалда облустук ооруканага жеткирилген. Медиктердин аракетине карабастан каза болгон. Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, ал өз алдынча дарыланып жүрүп илдетин күчөтүп жиберген.

Министрлик өткөн суткада үч киши вирустан көз жумганын билдирген болчу. Жалпысынан өлкөдө 4 513 киши ооруга кабылып, анын 2 212си айыкты. Тилекке каршы, 46 адам ооруга туруштук бере алган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0