Бишкекке жакын жерден жоголгон бала эки аптадан бери табылбай жатат. Сүрөт

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүОтдых в Сочи
Отдых в Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция өспүрүмдүн кебетесин жана кийген кийимдерин сүрөттөп берип, аны көргөндөрдү тиешелүү номерлерге кабарлап коюуну өтүндү.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Мамасабиров Белек Маркабаевич изделип жатканын Чүй ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Өспүрүм Аламүдүн районундагы Өскөн-Ордо жаңы конушунда жашайт. Ал ушул жылдын 14-июнунда үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. 

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиДайынсыз жоголгон 14 жаштагы Мамасабиров Белек
Бишкекке жакын жерден жоголгон бала эки аптадан бери табылбай жатат. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Мамасабиров Белек

Белгилери: бою 150-155 сантиметр, сөөктүү, чачы кара, кыска, кой көз, мурду түз. Ошондой эле оң далысы менен колунда күйүктөн калган тырык бар. Бала кара футболка, жашыл спорттук шым, кара кепка жана бутуна жеңил бут кийим кийип чыккан.

Бөбөгүн жоготкон бала милицияга айтып, алар эки жашар баланы эки саатта тапты

Милиция изделип жаткан өспүрүм тууралуу маалыматы барларды төмөнкү номерге кабарлап коюуну өтүнөт:

  • Чүй ОИИББдин нөөмөт бөлүмү — (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85;
  • Аламүдүн РИИБ — (0312) 36-35-27, (0312) 36-35-23, (0709) 21-18-08, (0550) 34-33-63, (0778) 00-09-99 (издөө тобу).
Жаңылыктар түрмөгү
0