Ош мэриясынын бир кызматкеринен коронавирус аныкталды

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Ош. Ошская область
Город Ош. Ошская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 26-июнга карата, Ош калаасында COVID-19 инфекциясынын жаңы 47 учуру катталып, жалпы 500 адамга жетти.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ош шаардык мэриясынын бир кызматкерине COVID-19 жукканы аныкталды. Бул туурасында аталган муниципалитеттин маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын айтымында, коронавируска кабылган кызматкер менен байланышта болгон жумушчулар обсервацияга алынып, мэриянын аппаратында иштегендер анализ тапшырышты.

Кызматкерлерден COVID чыкты. Бишкекте эки бала бакча жабылды

Бүгүн, 26-июнга карата, Ош шаарында COVID-19 инфекциясынын жаңы 47 учуру катталып, жалпы 500 адамга жетти.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3 204 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын ичинен 2 162си айыгып чыкса, тилекке каршы, оорудан 43 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0