Банк, дүкөндөрдү тоногон. Бишкекте былтыртан бери изделген эки шектүү кармалды

© Фото / Пресс-служба ГУВД БишкекаБанк, акча алмыштыруу жайлары жана дүкөндөрдү тоноого шектүү катары кармалгандар
Банк, акча алмыштыруу жайлары жана дүкөндөрдү тоноого шектүү катары кармалгандар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардык фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Экөө тең Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Бишкектик Криминалдык милиция кызматы банк, акча алмыштыруу жайлары жана дүкөндөрдү тоноого шектүү катары уюшкан кылмыштуу топту колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

© Фото / Пресс-служба ГУВД БишкекаВещи подозреваемых в серии ограблений банков, обменок и магазинов
Бишкектик Криминалдык милиция кызматы банк, акча алмыштыруу жайлары жана дүкөндөрдү тоноого шектүү катары уюшкан кылмыштуу топту колго түшүрдү - Sputnik Кыргызстан
1/5
Бишкектик Криминалдык милиция кызматы банк, акча алмыштыруу жайлары жана дүкөндөрдү тоноого шектүү катары уюшкан кылмыштуу топту колго түшүрдү
© Фото / Пресс-служба ГУВД БишкекаВещи подозреваемых в серии ограблений банков, обменок и магазинов
Шектүүлөр жашаган жерди тинтүүдө эки курал жана спорттук кийимдер табылган - Sputnik Кыргызстан
2/5
Шектүүлөр жашаган жерди тинтүүдө эки курал жана спорттук кийимдер табылган
© Фото / Пресс-служба ГУВД БишкекаВещи подозреваемых в серии ограблений банков, обменок и магазинов
Милиция былтыртан бери издеп жүргөн шектүүлөрдүн изине түшүп, ИИМдин спецназынын жардамы менен 45 жна 37 жаштагы эки жаранды кармады - Sputnik Кыргызстан
3/5
Милиция былтыртан бери издеп жүргөн шектүүлөрдүн изине түшүп, ИИМдин спецназынын жардамы менен 45 жна 37 жаштагы эки жаранды кармады
© Фото / Пресс-служба ГУВД БишкекаАвтомобиль подозреваемых в серии ограблений банков, обменок и магазинов
 Экөө тең Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди - Sputnik Кыргызстан
4/5
Экөө тең Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди
© Фото / Пресс-служба ГУВД БишкекаВещи подозреваемых в серии ограблений банков, обменок и магазинов
Бардык фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. - Sputnik Кыргызстан
5/5
Бардык фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.
1/5
Бишкектик Криминалдык милиция кызматы банк, акча алмыштыруу жайлары жана дүкөндөрдү тоноого шектүү катары уюшкан кылмыштуу топту колго түшүрдү
2/5
Шектүүлөр жашаган жерди тинтүүдө эки курал жана спорттук кийимдер табылган
3/5
Милиция былтыртан бери издеп жүргөн шектүүлөрдүн изине түшүп, ИИМдин спецназынын жардамы менен 45 жна 37 жаштагы эки жаранды кармады
4/5
Экөө тең Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди
5/5
Бардык фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Милиция былтыртан бери издеп жүргөн шектүүлөрдүн изине түшүп, ИИМдин спецназынын жардамы менен 45 жна 37 жаштагы эки жаранды кармады. Экөө тең Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Шектүүлөр жашаган жерди тинтүүдө эки курал жана спорттук кийимдер табылган.

Кармалгандар кайсы кылмыштарга шектелип жатат:

  • 2019-жылдын 9-сентябрында 25-30 жаштагы эркектер Киев көчөсүндөгү "Престиж" акча алмаштыруу бюросуна куралчан кирип, 70 миң сом алып кетишкен. Андагы кызматкер жаракат алган;
  • 2019-жылдын 7-ноябрында 30-35 жаштагы эркектер Москва көчөсүндөгү "Мебель-Малайзия" эмерек дүкөнүнө киришкен, ал жерде кызматкерлерди коркутуу жолу менен 60 миң сом алып кеткен;
  • 2019-жылдын 26-ноябрында 30-35 жаштагы эркектер 6-кичи райондогу "ЭкоИсламикБанк" сактык кассасына куралчан кирип, 1 миллион 536 миң 365 сом алып чыгышкан.
  • 2020-жылдын 19-январында 25-30 жаштагы эркектер Москва көчөсүндөгү "Сенсон-Гранд" акча алмаштыруу жайына кирип, кызматкерлерди курал менен коркутуп 3 миллион 784 миң 546 сом алышкан.

2020-жылдын 12-июнунда 30-35 жаштагы эркектер Манас проспектинде жайгашкан "Керемет Банктын" имаратына кирип барып, күзөтчү менен кассирди коркутуп 1 миллион 120 миң сом алышкан.

Бардык фактылар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0