Бишкектин 3-кичи районунан эркек кишинин сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКылмыш ордундагы милиция кызматкерлери. Архив
Кылмыш ордундагы милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция барганда болжол менен 50-55 жаштагы азият түспөлүндөгү жаран киши колдуу болгондугу аныкталган.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Милициянын кайгуул кызматынын инспекторлору Бишкектин 5-кичи районунан адам өлтүрүүгө шектелген жаранды кармады. Бул туурасында аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-июнда таңкы саат 05:55 чамасында 102 кызматына борбор калаанын 3-кичи районунда адамдын сөөгү жатканы туурасында маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке Бишкек шаардык Кайгуул милициянын кызматкерлери барган. Анда болжол менен 50-55 жаштагы азият түспөлүндөгү жаран киши колдуу болгондугу аныкталган.

“Көрүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында ошол эле күнү 5-кичи районунан 46 жаштагы К.Э. аттуу жаран кылмышка шектүү катары кармалды. Ал Октябрь райондук милициянын Тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген”, — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0