Бир үй-бүлөдөн эле... Сүлүктү шахтасындагы төрт кишинин өлүмүнүн чоо-жайы

Жазылуу
Учурда Баткендин башчысы Алишер Абдрахмановдун тапшырмасы менен түзүлгөн комиссия көмүр шахтасынын ачык калышы жана коопсуздук чараларынын сакталбагандыгы боюнча маселелерди кароодо.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы "Кенчилер-Береке" шахтасында газга ууланып каза болгон төрт киши ал жакка мал издеп барган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, кырсык 23-июнь күнү болгон. "Кенчилер-Береке" шахтасында газ чыгып, кырсыктын кесепетинен үч эркек киши жана бир аял газга ууланып каза болгон. Алардын сөөгүн шахтадан ӨКМ кызматкерлери алып чыккан.

Маалыматка ылайык, Сүлүктү шаарынын мэри Рахман Абдыназаров маркумдардын үй-бүлөсүнөн кабар алып, жакындарына көңүл айтып, материалдык жардам көрсөттү.

"Каза болгондор Сүлүктү шаарынын тургундары, бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Жакындарынын айтымында, алар 22-июнда өздөрүнө тиешелүү болгон мал жандыктарын издеп үйдөн чыгып кетишкен. Алдын ала маалыматтарга таянсак, алар жоголгон малын издеп шахтага түшкөн учурда газга ууланышкан", — деп айтылат маалыматта.

"Кенчилер-Береке" ЖЧК көмүр шахтасы буга чейин мыйзамдуу түрдө иштеп келгени, учурда ишмердүүлүгүн токтоткону кошумчаланды.

Борбор калаанын 6-кичи районунда чыккан өрт - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин 6-кичи районундагы өрттө каза болгон жигит тез татымда иштечү эмес
Бул жагдай боюнча алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахмановдун тапшырмасы менен түзүлгөн атайын комиссия көмүр шахтасынын ачык калышы, коопсуздук чараларын сактабагандыгы боюнча маселелерди кароодо.

Каза болгон жарандардын үй-бүлөсүнө жакынкы күндөрү облустук өкүлчүлүк тарабынан да жардам берилери кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0