Жыл башынан бери 35 адам сууга чөктү. Өкмөт коңгуроо кагууда

Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйылкы жылы куткаруучуларды даярдоо курсунан 61 адам өткөнүн билдирди. Өкмөт бул аз деп эсептейт.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Жыл башынан тарта бүгүнкү күнгө чейин республиканын көлмөлөрүндө ар кандай себептерден 35 адам сууга чөгүп, каза тапкан. Бул маалыматтар өкмөт үйүндө суудагы коопсуздукту камсыздоо боюнча өткөн жыйында айтылгандыгын анын маалымат кызматынан кабарлашкан.

"Туристтик сезондун башталышы менен Ысык-Көл облусунда туристтердин агымы көбөйөт. Эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоого тийишпиз. Көлдүн жээгинде жайгашкан бардык санаторийлердин жана пансионаттардын штатында куткаруучулар болушу керек. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги быйылкы жылы куткаруучуларды даярдоо курсунан 61 адам өткөнүн билдирди. Бул сан жетишсиз", — деди жыйынды өткөрүп жаткан вице-премьер Акрам Мадумаров.

Маалыматта ачык көлмөлөргө жакын жерлерде көзөмөлдү күчөтүү боюнча тиешелүү тараптарга тапшырмалар берилгени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0