Бишкекте коронавирус жуктуруп алган дагы бир бейтап көз жумду

© AFP / LUIS ROBAYOСитуация в Колумбии из-за пандемии коронавируса COVID-19
Ситуация в Колумбии из-за пандемии коронавируса COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушуну менен өлкөдө коронавирус илештирип алып каза тапкандардын жалпы саны 41ге жетти. Акыркы суткада каза болгон аял 56 жашта болчу.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

"56 жаштагы аял Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасында дарыланып жаткан. Бирок дарыгерлердин аракетине карабай каза болуп калды", — деди Каратаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 3519га жетти. Анын ичинен 2054 бейтап айыгып чыгып, 41 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0