Бишкекте мотоцикл күйүп, айдоочусу жабыркады. Видео

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүКаскадер өртөнгөн мотоциклда. Архив
Каскадер өртөнгөн мотоциклда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу жабыр тарткан, бирок жерине Тез жардам кызматы чакырылган эмес. Жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте мотоцикл күйүп кеткенин "Короче" Telegram-каналы жазды.

Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жеңил унаа менен мотоцикл кагышкан кырсыкта үч адам жабыркады
Жарыяланган видеодо жолдун жээгинде башын кармап отурган кишини бир нече адам тегеректеп турганын көрүүгө болот. Алардан бир нече метр алыстыкты мотоцикл өрттөнүп жатат.

Кайгуул милиция башкармалыгынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиргенине караганда, окуя 19-июнь күнү саат 10:00дө 7-апрель жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Айдоочу жабыр тарткан, бирок ал жерге Тез жардам кызматы чакырылган эмес.

Жол кырсыгынын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0