Саймаитинин аялы "Исмаил Ата" фондуна 200 миң доллар которгону аныкталды

© AFP / ASHRAF SHAZLYКурс доллара в Судане
Курс доллара в Судане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү Дастан Бекешев "Исмаил Ата" фондунун негиздөөчүсү менен Бумайрамдын кандай байланышы бар экенине кызыкты.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Айеркен Саймаитинин аялы Буфилли Бумайрам "Исмаил Ата" фондуна 200 миң доллар которгону тергөөдө аныкталды. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшү кызматынын төрага орун басары Эмил Жамгырчиев парламенттин жыйынында билдирди.

Учурда Стамбулда өлтүрүлгөн кытай жараны Айеркен Саймаити боюнча маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия ишин жыйынтыктап, маалымат берип жатат.

Эл өкүлү Дастан Бекешев "Исмаил Ата" фондунун негиздөөчүсү менен Бумайрамдын кандай байланышы бар экенине кызыкты.

"Эки тараптын жеке байланышы болгон-болбогонун айта албайм. Бирок түрк жараны Буфилли Бумайрамдын эсеби аркылуу "Исмаил Ата" фондуна которгон. Максаты —  жардам берүү болгон", — деди Финпол төрагасынын орун басары.

Ал эми депутаттык комиссиянын төрагасы депутат Талант Мамытов журналисттик иликтөөдө аталган фондго үч миллион доллар которгону боюнча айтылганын билдирди. Бирок тергөөдө Бумайрам 199 миң доллар гана которгону аныкталганын маалымдады. Мындан улам тергөө органдары андан ары териштирүү үчүн "Азаттыктан" документтин түп нускасын сураганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0