Балыкчы — Корумду жолун курууда 1,1 млрд сом максатсыз корогону аныкталды

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевРеконструкция объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду
Реконструкция объездной автодороги Балыкчи — Чолпон-Ата — Корумду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Эсеп палатасынын төрагасы менен аудиттери 2019-жылдагы иши тууралуу депутаттарга отчёт берип жатат.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлиги Балыкчы — Корумду автоунаа жолун курууда 1 миллиард 98 миллион сомду максатсыз пайдаланганы аныкталды. Бул туурасында Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов парламентте билдирди.

Учурда ал мекеменин 2019-жылдагы иши тууралуу депутаттарга отчёт берип жатат.

Мариповдун айтымында, былтыр мамлекеттик органдар 2,5 миллиард сомдук каржылык мыйзам бузуу фактысын каттаган. Анын ичинен максатсыз колдонулган бюджеттик каражаттын эң жогорку суммасы Транспорт жана жолдор министрлигинен табылды. Андан кийинки сапта Бишкек шаарынын мэриясы турат.

Бул иштер боюнча документтер укук коргоо органдарына өткөрүп берилип, тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0