22 млн. зыян келтирген. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы башчысы кармалды

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкектеги темир жолу. Архив
Бишкектеги темир жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөө көрсөткөндөй, мурдагы директор А.К.А. ишкана филиалдарынын жетекчилери жана жеке ишкер А.А.А. менен сүйлөшүп, мамлекеттик сатып алууларды уюштурууда өзүнө пайда табуу үчүн туруктуу кылмыш тобун түзүп алган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Кармалган жетекчинин аты-жөнүн УКМК А.К.А. деп кыскартып берип, толук көрсөткөн эмес. Бирок шектүү кылмышты кайсы убакта жасаганы айтылган. Бул учурда аталган ишкананы 2018-жылы дайындалган Канатбек Абдыкеримов жетектеп турган.

"Тергөө көрсөткөндөй, мурдагы директор А.К.А. ишкана филиалдарынын жетекчилери жана жеке ишкер А.А.А. менен сүйлөшүп, мамлекеттик сатып алууларды уюштурууда өзүнө пайда табуу максатында туруктуу кылмыштуу топту түзүп алган. Максатын ишке ашыруу үчүн А.К.А. ишкананын жылдык бюджетин ыксыз жогорулатып, товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууга коротуучу каражаттын суммасын 1,5 миллиард сомго жеткизген. Анын негизинде товарлардын баасы кымбаттап кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, бул схемадан улам башка компаниялардын тендерлерге катышууга мүмкүнчүлүгү чектелип калган.

"Ал эми мамлекеттик сатып алууларга катышкан компаниялар сегиз пайыздан 15 пайызга чейинки каражатты келишим түзүү учурунда "откат" катары берип турушкан. Ошентип 2018-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын апрелине чейин мамлекеттик ишкананын көмүскө кассасында айына 8-9 миллион сомго чейинки каражаттар айланып, анын 50 пайызы жетекчиликке, калганы кийинки кызматкерлерге бөлүнүп берилип турган", — деп айтылат билдирмеде.

Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сатылган радиожыштык: "Ала-ТВ" компаниясынын изделген түптөөчүсү кармалды
Муну менен мурдагы жетекчи А.К.А. өлкөнүн темир жолдору тармагына 22 миллион сом зыян келтирилгендиги аныкталган. 15-июнь күнү кылмышка шектүү кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМК июнь айынын башында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жана азыркы жооптуу адамдары жана жеке компаниянын өкүлү кармалганын эске салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0