Кочкордо эки жаат болуп жайыт талашкандар. Эл чогулган жерге 200дөй милиция барган

© Sputnik / Табылды КадырбековМитинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева в Бишкеке
Митинг у здания ГКНБ сторонников задержанного депутата Текебаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармактарда Кочкор районунда жайыт талашып эл чогулуп жатканы кабарланып, видеолору тараган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор районунда жайыт маселеси боюнча чогулган элдин коопсуздугун камсыз кылуу ишине 200дөй милиция кызматкери барды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Кочкор районунда жайыт талашып эл чогулуп жатканы кабарланып, видеолору тараган.

Видеодо "эки айылдын ортосунда пикир келишпестик жаралганы жатат" деп айтылган.

Нарын ОИИБ маалымат кызматы билдиргендей, 14-июнда Кочкор районундагы Кара-Кужур аймагында жайыт маселесин чечүү үчүн жергиликтүү тургундар чогулушкан. Коомдук тартипке көзөмөл кылуу үчүн жерине 200дөн ашык милиция кызматкери барган.

"Эч кандай тартип бузуу фактылары болгон жок, бүгүнкү күндө абал туруктуу", — деп айтылат маалыматта.

Нарында жайыт чыры токтой элек. Буга чейин Нарын районунун тургундары да жайыт талашып, анын видео, сүрөттөрү соцтармакка тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0