Исхак Масалиев жол кырсыгына кабылганын айтып, сүрөтүн жүктөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев. Архив
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын май айында Масалиев депутаттык мандатын тапшырган. Ал кырсыкка кабылгандыгы тууралуу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев анча олуттуу эмес жол кырсыгына кабылып, окуянын сүрөтүн Facebook баракчасына чыгарды.

"Жаш Гвардия менен ылдый түшүп бараткам. Аркамдан бир жигит келип, унаамдын астынан өткөнгө аракет кылды. Аныкы туура эмес экендигин түшүндүрдүм. Мындан ары этият бол деп кеңеш бердим. Кечирдим", — деп жазган Масалиев.

Ушул жылдын май айында Масалиев депутаттык мандатын тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0