Бишкек — Чалдыбар жолунда бакты сүзгөн бустагы эки жүргүнчү каза тапты

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүБейтап ооруканада. Архив
Бейтап ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы кечээ Бишкек — Чалдыбар унаа жолунун 82-чакырымында болгон. Айдоочу рулду башкара албай даракты сүзгөн.

БИШКЕК, 13-июн — Sputnik. Кечээ, 12-июнда, Бишкек — Чалдыбар жолунда жүргүнчү ташыган маршрутка бакты сүзүп, анын кесепетинен эки киши каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы 18:00дөр чамасында болгон. Буга чейин кырсыктын видеосу "Короче" Тelegram каналына жарыяланган болчу.

"Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа Бишкектен Чалдыбар айылына бара жаткан. Жолдун 82-чакырымында айдоочу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Кырсыктан төрт адам, анын ичинде айдоочу жабыркап, дагы эки жүргүнчү каза болду. Бирөө мүрт кетсе, экинчиси ооруканада көз жумду", — деп айтылат маалыматта.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, материалдар Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0