Аз жерден калды! Чүйдө рельске чыгып алган аялдын аман калган видеосу

© Sputnik / Игорь ЗарембоТемир жолдо бараткан поезд. Архив
Темир жолдо бараткан поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кыргыз темир жолу" ишканасы поезд жолунда этият болууну жана коопсуздук эрежелерин сактоону эскертти.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Чүй облусундагы Кара-Балта — Кайыңды темир жолунда аз жерден адам өмүрүнө коркунуч жараткан кырсык боло жаздады. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 7-июнь күнү саат 17:42де Кара-Балта — Кайыңды темир жолунун 3712-чакырымында аял киши темир жолго чыгып, поезддин келе жатканын байкабай калган. Машинист тез арада тормозду басып, катуу үн чыгарып белги берген.

"Кадрлардан аял киши поезддин катуу сигналын укпай турганын көрүүгө болот. Бирок акыркы ирмемдерде ал рельстен секирип кетүүгө үлгүргөн. Учурда бул факты текшерилип, аялдын өздүгү такталууда", — деп айтылат маалыматта.

Ишкана темир жолдордо этият болууну жана коопсуздук эрежелерин сактоону эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0