Күзөтчүнүн будкасын талкалай сүзгөн айдоочу эки айга камалды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСИЗО-4 УФСИН России по городу Москве
СИЗО-4 УФСИН России по городу Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-июнда Бишкекте жаалданган айдоочу күзөтчү отурган жайды жолтандабасы менен сүзүп талкалап, андан кийин ага кол көтөргөн. Көп өтпөй соцтармакта ошол эле айдоочу ЖКККББ кызматкерлеринен качып бараткан кинодогудай видео тараган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкекте күзөтчү отурган жайды Toyota Land Cruiser жолтандабасы менен койдуруп кеткен айдоочу эки айга убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу Бишкек милициясынан билдиришти.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал эки айга камакка алынды.

Таран внедорожника будку охраны в центре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: Land Cruiser айдаган киши күзөтчүнүн будкасын талкалап, мушташкан видео
Эске салсак, 6-июнда Бишкекте жаалданган айдоочу күзөтчү отурган жайды жолтандабасы менен сүзүп талкалап, андан кийин ага кол көтөргөн. Көп өтпөй соцтармакта ошол эле айдоочу ЖКККББ кызматкерлеринен качып бараткан кинодогудай видео тараган.

Артынан кууган милиция аны Кемин районунда кармаган. Айдоочу мас экени аныкталып, автоунаасын текшерүү учурунда эки огу менен газ тапанча жана бычак табылганы айтылган.

Жазык кодексинин 266-беренесине (“Ээн баштык”) ылайык, сотко чейинки иликтөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0