Бишкекте милиция бөлүмүнөн качып кеткен 50 жаштагы киши кармалды. Видео

© AP Photo / Rick BowmerПриют в центре города Солт-Лейк-Сити
Приют в центре города Солт-Лейк-Сити - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Бишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүндө кармалып турган 50 жаштагы Бакыт Турдубаев аттуу камактагы шектүү жаран качып кетип, ага издөө жарыяланган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Камактан качып кеткен 50 жаштагы шектүү жаран Аламүдүн районунан кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБ маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, буга чейин Бишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүндө кармалып турган 50 жаштагы Бакыт Турдубаев аттуу камактагы шектүү жаран качып кетип, ага издөө жарыяланган

Билдирмеге ылайык, камактан качкан кишини Чүй ОИИБдин ыкчам-тергөө тобу жана Аламүдүн райондук ИИБдин кызматкерлери 7-июнга караган түнү болжол менен саат 00.31де кармашкан. Шектүү аталган районго караштуу жаңы конуштардын биринен табылган.

Кармоо учурунда шектүү каршылык көрсөткөн менен жабыркагандар болгон эмес. Ал дароо Ленин райондук ИИБ кызматкерлерине өткөрүп берилгени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0