Талкаланып, түтүн чыгып... Бишкекте Porsche менен BMW кагышкан видео

© AFP / PHILIPP GUELLANDЖолдо эскертүүчү жол белгиси. Архив
Жолдо эскертүүчү жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир унаада айдоочу өзү эле болсо, экинчисинде төрт киши отуруп бараткан. Милиция кырсыкты тастыктап, ал териштирилип жатканын билдирди.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Бишкекте BMW жана Porsche үлгүсүндөгү унаалар кагышып, кишилер жабыркаганы тууралуу маалымат "Короче" деп аталган Telegram-каналда жарыяланды.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, кырсык 7-июнга караган түнү саат 3:00дөр чамасында Профсоюз жана Месарош көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

"Porsche унаасында айдоочу гана болгон. Ал эми BMW автокөлүгүндө төрт адам отуруп бараткан. Мен ичиндегилердин жабыркаганын көрдүм", — деп билдирди күбө.

ИИМдин Кайгуул милиция кызматы кырсык болгонун тастыктады. Окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0