Видеого милиция бөлүмүнөн качып бара жаткан киши түшүп калганбы? ИИМдин жообу

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүПереходы в Москве
Переходы в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ленин райондук №2 милиция бөлүмүндө кармалып турган 50 жаштагы жаран качып кеткен. Ал уурулукка шектелип жаткан, милиция колго түшүрө элек.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Интернетте Бишкектин Ленин райондук №2 милиция бөлүмүндө кармалып турган шектүү качып бара жатканда тартылышы мүмкүн делген видео тарады.

Бишкекте изделип жаткан шектүү качкан учурдун видеосу Oppa.kg Instagram-аккаунтунда жазылган. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Oppa (@oppa_kg)

Кадрларда көрүнүп тургандай, белгисиз жаран имараттын короосунан чыгып, анча ылдам эмес чуркап барып, камерадан алыстап кетет.

Милициянын Кочкор-Атада кылмыштуу топтун 11 мүчөсүн кармаган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Милициянын Кочкор-Атада кылмыштуу топтун 11 мүчөсүн кармаган видеосу
Эске салсак, Ленин райондук №2 милиция бөлүмүндө кармалып турган 50 жаштагы жаран качып кеткен. Ал уурулукка шектелип жаткан. Милиция аны колго түшүрө элек.

ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, учурда видео иликтенип жатат. Бирок анда чуркап бараткан киши милициядан качкан дал ошол шектүү экенин айтууга эрте. Ал эми анын качышына жол берген кызматкерлер боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0